ӨКМ: Токмоктогу өрт өчүрүү иштери уланууда
Новость

Бүгүн, 26-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарында ачык аянтта куураган чөп жана бадалдардан өрт чыккандыгы  тууралуу маалымат түшкөн. 

ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, Токмок шаарына жанаша жайгашкан мамлекеттик “Заказник” жаратылыш аймагында өрт чыккан. Бул аймакта шамал болуп тургандыктан, өрт жайылып, бир топ аймакты каптаган.

Акыркы маалыматка ылайык, саат 18:30га карата өрттү өчүрүү иштерине жалпы 159 кызматкер, 9 өрт өчүрүүчү унаа, 2 суу ташуучу унаа, 2 мотопомпа, 1 ППУ, 2 дрон, 2 көчмө насостук станция (ПНС),  2 техника (АР-2) иштеп жатат.

Чүй районунун аймагындагы өрт кырсыгын өчүрүү иштери  Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүнө алынды.