Социалдык тармактарда «Ынтымак» конушундагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу боюнча жалган айыптоолор айтылган видео тараган. Расмий түрдө билдиребиз: УКМК аталган видеонун авторун жалган маалымат таратканы үчүн кармады.
Видеодо айтылган дооматтар чындыкка дал келбейт жана мамлекеттик долбоорду каралоо максатын көздөгөн.
Курулуш объектиси толугу менен мамлекеттик көзөмөлдө турат. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштеринин сапаты жогору экени тастыкталды: бетондун бышыктыгы 96%дан жогору экендиги лабораториялык жол менен аныкталды.
Айрым терезелердин демонтаждалышы жана кайра орнотулушу бул кемчилик эмес, бекитилген долбоордук өзгөртүүлөргө байланышкан техникалык иштер.
Жарандарды текшерилбеген видеолорду таратпоого чакырабыз, анткени мындай материалдар провокация жаратып, коомду адаштырат.
Каалаган адам объектке келип, курулуштун сапатына жеке өзү ынанса болот.