Беларусь президенти Александр Лукашенконун “Бакиевди өткөрүп бербейм” деген сөзү Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты. "Кабар" маалымат агенттиги жазуучу, журналист жана президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев менен маек куруп, Курманбек Бакиевдин кайтып келүүсү кимдерге пайда, кимдерге коркунуч жаратары, 7-апрель окуясындагы эки тараптын жоопкерчилиги, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы башаламандыктагы ролу жана Атамбаев менен Бакиевдин кылмыштарын салыштырууга болобу деген суроолорго кеңири жооп алды.
— Саламатсызбы. Жакында Кыргызстанга иш сапары менен келген Беларустун президенти Александр Лукашенко журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Курманбек Бакиев тууралуу: “Мен аны бербейм. Бирок ал Кыргызстанды сагынып жүрөт. Атасынын жайына келип, куран окуп кетсем деген кыялы бар” деп айтты. Бакиевдин келүүсүнө каршы болгондор да, колдогондор да бар. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев жана анын үй-бүлөсү “булар Бакиевди алып келе албай жатат” деп айтып жүрүшкөнүн да билебиз. Бул жагдайга кандай карайсыз?
— Биринчиден, Беларустун президенти так жана кескин эле айтты “мен өткөрүп бербейм” деп.
Экинчиден, Курманбек Бакиевдин өзүнүн деле эчкинин жашындай өмүрү калды. Бирок, анын жоопкерчилигинде 7-апрель окуясында каза болгондордун жүгү турат. Ал боюнча кылмыш иши козголгон. Демек, Кыргызстанга келсе, укук коргоо органдары тарабынан камалары анык.
Бирок, 7-апрель окуясына жеке эле Бакиев эмес, Убактылуу өкмөттүн да жоопкерчилиги бар экенин жашырбай айтыш керек. Ошол окуяда атылган ок алдынан эмес, артынан тийип каза болгондор боюнча суроолор бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калууда. Аларды түз эле Атамбаев аттырды деп айтуудан алысмын, бирок ошол Форумдан курал-жарак менен келгенин элдин баары билет.
— Бакиевдин келүүсүнө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, айрыкча Атамбаев каршы болуп жүрбөйбү?
— Ооба, Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү каршы. Каршы дейбизби же коркуп жатат деп айтсак дагы болот. Эмне үчүн коркуп жатат? Эгер Бакиев келсе, сөзсүз анын катышуусунда сот процесси болот. 7-апрелден кийинки талап-тоноолор, банк ячейкаларынан жоголгон акчалар, Максим Бакиевдин жана башка туугандарынын үйлөрүнөн талап-тонолгон байлыктар тууралуу маалыматтар ачыкка чыгат.
Ошол окуяларга катышкан көптөгөн адамдар күбө катары суракка чакырылат. Натыйжада жаңы фактылар айкындалып, көп адамдардын жүзү ачылышы мүмкүн.
Мисалы, Аскар Акаевдин келүүсүнө да каршы топтор көп болгон. Бирок ал келип укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп бергенден кийин, буга чейин ачылбай жүргөн көп кылмыштардын бети ачылды. Анын негизинде ири кызматтарды аркалап жүргөн айрым адамдардын кылмыштуу иштери билинип, мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Айрыкча “Кумтөргө” байланыштуу баалуу маалыматтар алынды.
Бакиев келсе да көп сырлардын бети ачылмак.
Көптөгөн экономикалык кылмыштар, айрыкча 7-апрелден кийин жоголгон байлыктар боюнча маанилүү маалыматтар ачыкка чыкмак.
Балким, дал ушул себептен улам 2010-жылдан кийин Убактылуу өкмөт аны кармап келип соттоого чындап кызыккан эмес. Балким, андан көрө, болгон кылмыштын баарын, өздөрү жасаган иштерди деле качып кеткен Бакиевге шылтап коюп отура берген ыңгайлуу болду.
— Атамбаев менен Бакиевдин кылмыштарын бирдей салыштырууга болобу?
— Алмазбек Шаршенович Кой-Таш окуясында адам өлтүргөнүн өзү мойнуна алып, “курал менде эле болчу, караңгыда аскерлерге каратып ата баштагам, ошондо ок тийип өлгөн тура” деген Атамбаев өзү деле түрмөдөн бошотулбадыбы?
Эми башкалар сүйлөсө дагы мейли, бирок Атамбаев “Бакиев киши аткан” деп айта бергени туура эмес. Экөөнүн ортосунда олуттуу айырма деле жок. Кылмыштары менен казынаны уурдагандары бирдей. Бакиев Максими менен уурдаса, Атамбаев Сапар, Икрам (шопуру), Фарид, Раим, Албектер менен уурдабадыбы.
Атамбаевдин мойнунда колунан каза болгон маркум Үсөн Ниязбековдун гана эмес, 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу июнь окуяларынын курмандыктарынын да жоопкерчилиги бар. Ал каргашалуу окуянын чыгышына жол берилип, 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылбадыбы? Жаңжалды уюштурган Кадыржан Батыров менен Атамбаев жолугуп жүрүшкөн, аны Кадыржан Батыров “Азаттыкка” берген маегинде ачык айткан.
Демек, Бакиев келсе келе берсин, келип көп маалыматтарды айтып берсин, сот алдында, эл алдында, мыйзам алдында дагы жооп берсин. Менин эч кандай каршылыгым жок.
Эгер Бакиев келсе сот ачык болсо дейт элем. Ошондо коомдо ар кандай суроолор жаралмак эмес.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева