Кечээ, 29-ноябрда саат 20:00дө шайлоо участогуна барууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн жайдан тышкары добуш берүү соңуна чыккан. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпы өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 332 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн.
Күн ичинде, саат 8:00дөн 20:00гө чейин добуш берүүгө 9318 адам катышып, бул жайдан тышкары добуш берүүгө арыз берген шайлоочулардын 90,6 % түзгөн.
Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен:
– курагы боюнча – 3 323 арыз;
– майыптыгы боюнча – 1 933 арыз;
– ден соолугунун абалы боюнча – 3 591 арыз;
– айрым категориялардагы шайлоочулардан – 517арыз.
Эске салсак, мындай добуш берүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, жайдан тышкары добуш берүү денсоолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат.