Ысык-Көл: СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган иш-чара өттү
Новость

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Каракол шаарында «Өзүңө жана башкаларга кам көрүү менен ВИЧти бирге жеңебиз» аталышындагы иш-чара уюштурулду. Жарандарга ВИЧ/СПИД тууралуу кеңири маалымат берилип, акысыз медициналык кароо жана кан аркылуу жугуучу ооруларга анализдер жүргүзүлдү.

Расмий маалымат боюнча, Ысык-Көл облусунда быйылкы жылдын 1-октябрына чейин ВИЧ жугузган 600 адам катталган: алардын 381и эркек, 219у аял, 9у жашы жете элек өспүрүмдөр. Жугуу жолдору боюнча 82% жыныстык байланыш аркылуу, 14% кан аркылуу, 1,5% энеден балага жукканы белгилүү. 2025-жылдын 9 айында облус боюнча 52 жаңы учур аныкталган.

Адистердин айтымында, ВИЧти өз убагында аныктап, дарылоону баштоо узак жана сапаттуу жашоого шарт түзөт. Иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга маалыматтык китепчелер таратылып, суроо-жооп өткөрүлдү.