2025-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №13 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы БШКнын чечими менен жокко чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Бул шайлоо округу боюнча арыз-даттануулар, мыйзам бузуулар көп болуп, бул тууралуу социалдык тармактарга сүрөт, видеолор жарыяланган. Ошондой эле БШКга да арыздар келип түшкөн. Алардын баары дыкат такталып, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Кайрадан шайлоо болуп, бирок бул округдан талапкер болгон 14 жаран кайра шайлоого катыша алышпайт.