Улуттук банк эл аралык акча которууларды алууда комиссия алууга убактылуу тыюу салды
Новость

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 3-декабрында “Акча которуулар боюнча комиссиялык сый акы алууга убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды. 

Ага ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары эсеп ачпастан эл аралык акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлгөн акчаны алуучулардан комиссиялык төлөм талап кыла албайт.

Улуттук банк бул чечим керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарандар үчүн эл аралык акча которуу системалары аркылуу которуу кызматын жеткиликтүү кылуу максатында кабыл алынганын белгиледи.