Бүгүн, 4-декабрь саат 13:44тө Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 4,5 балл, Кумтөр ишканасынын аймагында 4 баллга чейин сезилген.
Учурда Сейсмология институту тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.