Чолпон-Ата шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды
Новость

Бүгүн, 5-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарынынын Аэропорт көчөсү 46 дарегинде жайгашкан Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышы болду.

Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Министр өз сөзүндө жаңы имараттын аймактагы шаар куруу тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгилеп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү деңгээли мындан ары дагы жогоруларын билдирди. Ошондой эле, инфраструктураны модернизациялоо министрликтин негизги багыттарынын бири экенин айтты.

Жаңы административдик имараттын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Долбоорго ылайык, жалпы 288 чарчы метрди ээлеген эки кабаттуу имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмөлөр бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулган имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Иш-чаранын соңунда имараттын аймагына арчалар отургузулду.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусу боюнча буга чейин Түп районунда жана Балыкчы шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилген.