Таласта үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды
Новость

Бүгүн, 5-декабрда Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында номер 9-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Аталган имараттын курулушу 2020-жылы башталып, аягына чыкпай токтоп калган. Кайрадан жергиликтүү бюджеттен 6 млн 100 миң сом бөлүнүп, каражат бөлүнүп, бүгүн пайдаланууга берилди.

Жаңы медициналык пункттун ачылышы менен жергиликтүү тургундарга сапаттуу медициналык тейлөө алууга мүмкүнчүлүгү кеңейди. Заманбап медициналык мекемеде кабыл алуу, каттоо, эмдөө, ийне саюуу бөлмөсү, тиш дарылоо жана тез жардам кызматы бар. 

Учурда 22 медициналык кызматкер 7 миңден ашык калкты тейлейт.