Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиз мекендештериңиздин чын ыкластуу урмат-сыйына жана эл аралык абройго татыктуусуз. Биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууга кошкон жеке салымыңыз абдан жогору.
Жакында Бишкекке болгон сапарымды, мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздү жылуу эскерем. Биз, албетте, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу байланыштарды мындан ары да бекемдөө максатында конструктивдүү биргелешкен ишибизди улантабыз.
Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат телеграммада.