Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин абройлуу жетекчилигиңиздин астында Кыргызстан прогресс жолунда ишенимдүү түрдө алдыга жылып, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык модернизациялоодо жана эл аралык аренада позициясын чыңдоодо албан ийгиликтерге жетишүүдө.
Өлкөдө болуп жаткан жаратмандык процесстер Сиздин стратегиялык багытыңыздын таасирдүүлүгүн ишенимдүү түрдө тастыктап, мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү үчүн негиз түзүүдө.
Кылымдардан бери келген достук жана коңшулаштык духунда казак эли боордош кыргыз элинин ийгиликтерине чын дилинен кубанат. Биздин биргелешкен ишибиз мындан ары да эки тараптуу кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенем.
Сизге түгөнгүс күч-кубат, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана боордош Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн аркалаган жооптуу мамлекеттик ишиңизге жаңы ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.