Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Новость

 Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин акылман жана алысты көрө билген саясатыңыздын, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу реформаларыңыздын, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын жана аброюн бекемдөө боюнча ырааттуу аракеттериңиздин аркасында Кыргыз Республикасы бардык тармактарда тездик менен өнүгүүдө.

Акыркы жылдары биздин биргелешкен чечкиндүү аракеттерибиздин, эки жактуу жана көп тараптуу форматтардагы жемиштүү жана активдүү диалогдордун натыйжасында, ынак коңшулаштык жана бекем достук духуна негизделген боордош элдерибиздин стратегиялык өнөктөштүк мамилелери таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн зор канааттануу менен белгилейбиз. 

Жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбызда жетишилген бардык маанилүү келишимдер жана масштабдуу пландар, ошондой эле башталган ири аймактык инфраструктуралык долбоорлор биздин жалпы аракетибиздин аркасында толугу менен ишке ашарынан шек жок.

Бул кубанычтуу күнү Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бакубат жашоо, жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, ынтымак, туруктуу бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.