Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сиздин таасирдүү жетекчилигиңиз менен боордош Кыргызстан стратегиялык багытыңызды бекем карманып, бүгүнкү күндө туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, эл аралык аренада өз позициясын бекемдеп жатканы кубандырат.
Сиздин эки өлкө менен элдерибиздин ортосундагы достуктун, ынак коңшулуктун жана көп пландуу кызматташтыктын негиздерин бекемдөөгө кошкон салмактуу салымыңызды жогору баалайм. Биздин арабызда калыптанган терең ишенимдүү мамилелерди жана туруктуу иш байланыштарын өзгөчө барктайм.
Сизге чын дилимден бекем ден соолук, кажыбас күч-кубат жана Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө арналган жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.