Беларусь Президенти Александр Лукашенко Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Новость

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Мамлекет башчысы кызматындагы Сиздин жемиштүү ишмердүүлүгүңүз Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын алдыга жылдырууда көрсөткөн кесипкөйлүгүңүздүн, саясий көрөгөчтүгүңүздүн жана эрктүүлүгүңүздүн үлгүсү болуп саналат. 

Ноябрь айында Бишкек шаарында өткөн ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин региондогу туруктуулукту камсыз кылууга багытталган бир катар маанилүү маселелер чечилген жыйыны алкагындагы жолугушуубузду жылуу сезим менен эстейм.

Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө кошкон салымыңызды, ошондой эле натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка көмөктөшкөнүңүздү жогору баалайм. Беларус-кыргыз өнөктөштүгүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган биргелешкен аракеттерибиз эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем. 

Сизге чың ден соолук, чексиз күч-кубат жана жаратмандык ийгиликтерди каалайм”, - деп айтылат телеграммада.