Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Новость

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Сиздин даанышман жана ишенимдүү жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишүүнү улантууда. 

Түркмөнстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку динамикасын жана конструктивдүү мүнөзүн белгилеп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоодогу Сиздин жеке көңүл бурууңузду жана маанилүү салымыңызды баса көрсөткүм келет.

Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана бакыт, ошондой эле Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн аткарып жаткан жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.