Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Бүгүн сиздин ишенимдүү жетекчилигиңиз астында бир тууган Кыргызстан мамлекеттик каада-салттарды жана принциптерди сактоо менен туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү илгерилеп, жашоонун бардык тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө. Сиздин өлкөнүн эл аралык кадыр-баркы жана анын аймактык процесстердеги ролу күн сайын өсүүдө.
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштукка, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген мамлекеттер аралык мамилелер динамикалуу жана ар тараптуу өнүгүп жатканы кубандырат. Эки тараптуу көп тармактуу кызматташтыгыбыздын стратегиялык деңгээлге жетишиндеги Сиздин ролуңузду өзгөчө белгилей кетким келет.
Карабахты калыбына келтирүү жана жаңыртуу ишинде көрсөткөн колдооңуз үчүн дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем. Сиздин демилгеңиз менен курулуп, быйылкы жылдын июль айында Агдам районунун Хыдырлы айылында салтанаттуу түрдө ачылган Айкөл Манас атындагы орто мектеп элдерибиздин боордоштугу менен биримдигинин кезектеги жаркын үлгүсү болуп калды.
Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы бекем пайдубалга негизделген мамлекеттер аралык мамилелер жана кызматташтык жалпы байланыштары бар боордош элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн биргелешкен аракеттер менен мындан ары да чыңдалып, тереңдей берет деп ишенем.
Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм жана боордош Кыргыз Республикасынын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубаттуулукту жана тынч жашоону каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.