Бүгүн, 8-декабрда,
борбор калаада Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны
өттү. Жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу, Уюштуруу
комитетинин төрагасы Каныбек Тургунбекович Туманбаевдин төрагалыгы алдында
өткөрүлдү.
Жыйында ШКУ
саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу жалпы
сценарийлер сунушталып, аларды мындан ары тактоо жана детализациялоо зарылдыгы
белгиленди. Каныбек Туманбаев билдиргендей, учурда бардык багыттар боюнча
долбоордук сценарийлер даярдалган, бирок иш-чаралардын масштабын эске алуу
менен кошумча тактоолор талап кылынат.
Анын айтымында,
Жаңы жылга чейин даярдыктын бардык аспектилерин камтыган, так жана деталдуу
иш-план менен сценарий толугу менен бекитилиши керек. Андан кийин бекитилген
план Кыргыз Республикасынын Президентине сунушталып, өзүнчө тааныштыруу
өткөрүлөт.
Жыйында
министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар
тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн милдеттер боюнча даярдалган пландар сунушталып, ар
бир түзүм кайсы багытта жоопкерчилик алары тууралуу маалымат беришти. Тактап
айтканда, инфраструктура, коопсуздук, спорттук объектилердин даярдыгы, маданий
программалар, конокторду тосуп алуу жана транспорттук логистика маселелери
кеңири талкууланды.
Каныбек Туманбаев
бул эл аралык масштабдагы иш-чаралар өлкөнүн эл аралык аброюн аныктоочу
маанилүү фактор экенин белгилеп, бардык жетекчилерге жана жооптуу кызмат
адамдарга ишти өзгөчө жоопкерчилик менен алып барууну, коюлган тапшырмаларды
так мөөнөтүндө жана жогорку сапатта аткарууну тапшырды.




