Ысык-Көл: Өрүктү айылында заманбап мектеп курулууда
Новость

Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылындагы жаңы мектеп жакында бүткөрүлөт. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 89 миллион сомду түзөт. 

Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен салынды. Объекттин жалпы аянты — 1280 чарчы метр.

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1954-жылы курулуп, кийин 1985-жылы экинчи корпусу салынган.