Алмазбек Касымалиев УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды
Новость

Алмазбек Касымалиев УТРКнын Маалымат боюнча башкы директордун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка УТРКнын башкы директору Улан Сатиев кол койду.

Өмүр баяны:

Касымалиев Алмазбек Талипович, 1981-жылы 30-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Чолпон айылында туулган.
Билими жогорку. Журналистиканын магистри.              

Иш тажрыйбасы:
2002-жылы УТРКнын «Кыргызстан» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин кабарчысы болуп иштеп баштаган. 

Кийинки жылдары:  

  • УТРКнын  таңкы көрсөтүүлөрүнүн «Кутман таң» студиясынын башкы редактору;
  • «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык борборунун кабарчылар бөлүмүнүн башчысы;
  • УТРК “Ала-Тоо” маалымат программалар дирекциясынын директору;
  • КТРК “Ала-Тоо”  маалымат программалар дирекциясынын  директорунун орун басары;
  • КТРК “Маалымат” бирикмесинин шеф-редактору;
  • КТРК Көркөм кеңешинин төрагасы кызматтарын аркалаган;
  • 2022-жылдын ноябрынан тарта КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Улуттук биринчи каналынын” продюсери болуп иштеп келген.

Сыйлыктары:
1. “КТРК отличниги” төш белгиси  2011-жыл;
2. “КР Маданиятынын мыкты кызматкери” төш белгиси 2013-жыл;
3. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” 2015-жыл;
4. КР Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” 2018-жыл;
5. КР “Маданиятына эмгек сиңирген ишмер” 2022-жыл.

Үй бүлөлүү, үч уулдун атасы.