Бүгүн, 11-декабрь саат 10:00го карата Нарындагы Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда чоң жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 506-508-чакырымдар аралыгында (Түз-Бел ашуусуна) унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Аталган аймакта бороон басыла элек. Ага карабастан № 957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда. Кошумча маалымат берилип турары кабарланды.
Калган ашуулар жана жолдордо каттам бар. Тазалоо, кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыс жолго чыгарда унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.


