Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Новость

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну, кандайдыр бир кырдаалга туш болсоңуз “112” кызматына кайрыла аларыңызды эскертет.