Бүгүн, 11-декабрда Балыкчы — Ананьево — Каракол, Түп — Кеген, Михайловка — Николаевка —Токтоян унаа жолдору ачык, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жок. Өзгөчө кырдаал режими киргизилген эмес. Учурда Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Учурда 4 грейдер, 2 Хова, 1 Исузу, 1 ГАЗ-53 унаасы тартылып, жолдорду кеңейтүү менен инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүп жатат.
Кошумча ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине Түп айыл аймагынан 4 техника, Ысык-Көл айыл аймагынан 5, Балбай айыл аймагынан 4, Карасаев айыл аймагынан 3, Каркыра айыл аймагынан 4, жалпысынан 28 техника жолдорду тазалоо жана кеңейтүүгө тартылып, иштеп жатат.
Ак-Суу районунда күн ачык, абал туруктуу, унаа жолдору ачык. Жеринде N11 Жол тейлөө ишканасынан жана Ак-Суу районундагы 3 айыл аймактын жалпы 19 инженердик техникасы тартылып, жолдорду кеңейтүү, тазалоо иштери жүрүүдө.
Ак-Суу — Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында 10-декабрда үч жеринен кар көчкү түшүп, унаа каттамы убактылуу жабылган. Кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан унаа жолунун 38-112-чакырымы 12-декабрга чейин жабылган. Учурда жерине техникалар тартылган.
Түп жана Ак-Суу райондук ӨКБнын кызматкерлери жеринде абалды көзөмөлгө алууда.