Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 506-508-чакырымдар аралыгы (Түз-Бел ашуусуна) ачылып, каттам берилди. Азыркы тапта аймакты караган №957 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кеңейтүү, инерттик материалдарды чачуу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, кечээ 10-декабрь күнү Түз-Бел ашуусунда жол көрүнбөй, сааттап болгон катуу бороондон улам унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.