Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат
Новость

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталат. 

Чыгыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар.