Чукул кабар! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Новость

Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык,  2025-жылдын 13-декабрынан 15-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сактоону эскертет.

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар: 

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу);
  • 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); 
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдарында;
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу).