Бишкек шаары
Л. Толстой көчөсү, 98А дарегинде жаңы көмүр кампасы ачылды.
Баасы: 5800 сом
Бул кампа Токолдош, Рухий-Мурас жана Лебединовка аймактарынын тургундары үчүн абдан ыңгайлуу жайгашкан.
Кампага 5 вагон көмүр келип түштү, мындан ары көмүр туруктуу түрдө жеткирилип турат.
Кара-Балта шаары
Пальмира Тольятти көчөсү, 1Б дарегинде дагы бир көмүр кампасы ишке кирди.
Бул жерге да 5 вагон көмүр жеткирилди.
Баасы: 6300 сом
Аталган кампадан Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары көмүр сатып ала алышат.
Кыргызкөмүр калкты сапаттуу көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн талыкпай эмгектенүүдө