Бүгүн, 13-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин биринчи күнү аяктады.
Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты.
Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Турнир эртең, 14-декабрда уланат.
Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров Президенттик администрациянын кызматкерлери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери кирген команданын курамында ойноп жатат.









