Ашуулардагы абал: Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө
Новость

Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Бүгүн, 15-декабрга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол ачык, чектөө жок. 

Ошондой эле, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.