Бүгүн Бишкекте жаңы жылдык башкы балаты жандырылат
Новость

Бүгүн, 15-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында Бишкек шаарынын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ага белгилүү ырчылар келип өнөрлөрүн тартуулашат.
Ага кошумча, аянтта 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода жана тамак-аш дүкөнчөлөрү, этно-зона, мастер класстар өтүүчү жай, Аяз атанын үйлөрү, фотозоналар, оюн-зоок зонасы уюштурулду. Балатынын бийиктиги 32 метрге жетип, ал 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздолду.