Лейлектик Марат Ниязмат уулу велосипед менен Африкага саякатын аяктагандан кийин Танзаниядан Кыргызстандагы үйүнө Люси аттуу колукту алып келгени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга тарады.
Социалдык тармактардагы видео тасмаларда ага апасы үйдөн ак жоолук салып, ак көшөгөгө олтургузганын көрүүгө болот.
Марат Ниязмат уулу үйүндөгүлөр кара кызга үйлөнгөнүн укканда алгач таң калып, бирок батасын беришкенин өздүк баракчасына жазган.
Бул өзгөчө никени социалдык тармактарда коомчулук кызуу талкууга алууда.
Белгилей кетсек, Марат Ниязмат уулу Меккеге велосипед менен жол тартып, андан кийин Африкага саякаттап, акырында деңиз деңгээлинен 5895 метр келген Килиманжаро тоосуна чыгып, кыргыз туусун желбиреткен. Ал Танзания, Кения, Уганда жана Сенегал жана башка мамлекеттерге велосипед менен саякатка чыккандыгын социалдык тармактардагы баракчасына чагылдырып келген.