Кыргызстанда 8-декабрдан 14-декабрга чейинки жумада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 37 629 адамга жеткен. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, оорунун көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 11,7 пайызга төмөндөгөн. Бардык учурлардын 72,2 пайызы 14 жашка чейинки балдар болгон.
Эскерте кетсек, акыркы учурларда Кыргыз Республикасында A/H3N2, A/H1N1, B жана COVID-19 грипптери катталган.