Жаңы депутаттарга күбөлүк жана төш белгилер тапшырылды
Новость

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жаңы шайланган 87 депутаты ант берип, БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров төш белги менен күбөлүк тапшырды. 

Регламент боюнча курамга келген эң жашы улуу депутат Гүлай Машрапова алгачкы жыйынды расмий ачып берди. Ал жаңы төрага шайланганга чейин анын милдетин аткарып турат. 

Жогорку Кеңеште өткөн ант берүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышты.

Белгилей кетсек, Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял.