Бокс боюнча жаштар арасында Кыргызстандын биринчилиги башталды
Новость

Бүгүн, 17-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 2008-2009-жылдары төрөлгөн улан-кыздар арасында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Рустам Ниязалиев, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук федерациясынын аткаруучу директору Орозбек Евгачев, ошондой эле спортсмендер, машыктыруучулар жана бокс сүйүүчүлөрү катышты.
Биринчиликтин негизги максаты Кыргыз Республикасында жаштар арасындагы (2008-2009-ж.т.) бокс спортунун учурдагы абалын аныктоо, мыкты мушкерлерди тандап алуу, өлкөнүн улуттук курама командасын түзүү, боксту өнүктүрүү жана жаштар арасында спорттун бул түрүнүн популярдуулугун арттыруу болуп саналат.
Мелдешке Бишкек жана Ош шаарларынан, ошондой эле Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен облустарынан келген жана Бишкек шаарындагы Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинен мушкерлер катышууда.
Бокс боюнча биринчилик эл аралык эрежелерге ылайык, балдар арасында 10 салмактык категория боюнча өтүүдө: 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг чейин жана 90 кгдан жогору. Кыздар арасында 9 салмак категориясында 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг жана 80 кг чейинки салмак чендеринде беттештер өтөт.
Мелдештер 21-декабрга чейин уланат.