Ош: Андагул айылындагы жаңы мектеп
Новость

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Андагул айылында 150 орундуу Т.Шериев атындагы жаңы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Мектептин курулушу былтыр 2024-жылдын март айында башталган.

Аталган мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, 104 миллион сомго салында. Долбоорго ылайык, Г-формасындагы эки кабаттуу мектеп 3 блоктон турат. Мындан сырткары мектепте негизги окуу класстардан тышкары компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн эмгек канасы, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдар каралган.

Белгилей кетсек, эски мектеп 2000-жылы ашар жолу менен курулган болчу. Учурда мектепте 400 жакын окуучу билим алууда.