Бүгүн, 18-декабрда «Манас» аэропортуна келе жаткан 15 учак тумандан улам башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Манас эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, бешөө Алматыга жөнөтүлгөн.
«Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда»,-деп айтылат маалыматта.