Бүгүн, 18-декабрдаТалас шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Жаңы, заманбап имарат 2 кабаттан туруп, кызматкерлер үчүн керектүү шарттары түзүлөт. Жалпы аянты 900 чарчы метрди түзөт.
Жаңы имаратты курууга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өздүк каражатынан 80 млн сом бөлүнгөн. Буга чейин облустук экология кызматкерлери эски имараттарда иштеп келген. Имараттын айланасы жашылдандырылып, унаа токтотуучу жайы кошо курулат. Курулушту 2026-жылдын айвгуст айларында бүткөрүү пландалууда.

