Таласта үндүк баккан 70 жаштагы апа
Новость

Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын тургуну, баатыр эне Жамийла Токсонова 50 жылдан ашык убакыттан бери үндүк багат. Каарманыбыз «Анарбек» дыйкан чарбасын түзүп, бүгүнкү күндө мал чарбачылыгы, дыйканчылык жана багбанчылыкты колго алган.

Жамийла апа учурда неберелерин дагы эмгекке үйрөтүп, чарба иши менен алек. Ар күнү жемин үзбөй берип, токой ичине жайып багуу неберелеринин мойнунда.

Чарбадагы үндүктөрдү кардарлар жеринде алып кетишсе, фермер базарларга да сатыкка чыгарат. Жамийла Токсонова үндүк багуу элетте киреше алып келген айыл чарбадагы бир тармак болуп калгандыгын белгилейт.

“Анарбек” дыйкан чарбасына тиешелүү жети гектар жерге бак тигип, жемиш багына айландырган Жамийла апа учурда неберелерин эмгекке үйрөтүп, чарбанын ишин жакшыртуу аракетинде.