Бүгүн Президенттик балаты майрамы өтөт
Новость

Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте Президенттик балаты майрамы өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келген. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн окуучулар чакырылган. 

Белгилей кетсек, 18-декабрда Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү өттү. Алар «Сейтек» балдар борборуна жана Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрына барып, оюн-зоок программасын жана «Маугли» спектаклин көрүштү. Негизги программа бүгүн, 19-декабрда Т. Сатылганов атындагы филармонияда уланат.