24-26-декабрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Газпром" - балдарга дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексинде Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика боюнча турнир өткөрүлөт.
Турнир 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимп оюндарында Каныбек Осмоналиевдин жеңишинин 45 жылдыгын белгилөөгө арналат. Ошондой эле чет өлкөлүк жана Азия аймагындагы спортчулардын ортосундагы достукту бекемдөө, Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө оор атлетиканы жайылтуу, өнүктүрүү, өлкөнүн спорттук имиджин жогорулатуу, жаштарды спортко тартуу жана спорттук чеберчиликти арттыруу максаттарын көздөйт. Мындан тышкары, турнирди Азия оор атлетика федерациясынын жылдык календарлык планына киргизүү пландалууда.
Турнир төмөнкү салмак категорияларында өткөрүлөт:
Эркектер арасында: 60 кг, 65 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 94 кг, 110 кг, +110 кг.
Кыз-келиндер арасында: 48 кг, 53 кг, 58 кг, 63 кг, 69 кг, 77 кг, 86 кг, +86 кг.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Оор атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.