Садыр Жапаров Токиодогу "Борбордук Азия + Япония" Диалогунун биринчи саммитинин алдындагы иш-чарага катышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарындагы "Акасака" мамлекеттик конок үйүнө келди.

Мамлекет башчысын Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды. 

Андан соң Президент Садыр Жапаров менен Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити ардактуу кароол ротасынын жанынан кызыл килем үстүнөн өтүшүп, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин урматына уюштурулган тосуп алуу кечки тамагына катышуу үчүн залга өтүштү.