Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Санкт-Петербург шаарындагы Б.Н. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда.

Иш-чаранын алдында Президент Садыр Жапаровду Россиянын Президенти Владимир Путин тосуп алды. 

Саламдашуу аземинен жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин биргеликте сүрөткө түшүүсүнөн кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга бет алышты.