Бүгүн, 22-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусуна 21-декабрь саат 18:40тан тарта оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө бүгүн саат 08:40та алынды.
Ал эми 19-декабрдан 22-декабрга чейин Каракол-Эӊилчек унаа жолунун 38-112-чакырымдар аралыгына киргизилген убактылуу чектөө күчүндө (унаалардын бардык түрүнө). Эске салсак, мындай чечим Ак-Суу райондук мамлекеттик администарциясынын буйругунун негизинде кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан кабыл алынган. Азыркы тапта күн бүркөк, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле, Казарман-Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам.
Белгилей кетсек, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.