Бүгүн, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, ошондой эле балбандар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.
Казыбек Молдажиев сөз сүйлөп, балбандарга ийгилик каалап, мелдештерде жогорку деңгээлде, татыктуу күрөш көрсөтүүгө чакырды.
Чемпионаттын алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 23-декабрда жыйынтыкталат. Бүгүн балбандар 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмак категорияларында күч сынашууда. Финалдык беттештер саат 19:00дө башталат.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген спортсмендерге жана машыктыруучулар курамына бир жолку акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Бекзат Алмаз уулу - 57 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 2-орун 750 000 сом;
Айпери Медет кызы - 76 килограммга чейинки салмактык категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 2-орун 750 000 сом;
Эрназар Акматалиев - 70 килограммга чейинки салмак категориядагы эркин күрөш боюнча 3-орун 500 000 сом;
Нурзат Нуртаева - 72 килограммга чейинки салмак категориядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
Асан Жанышов - 87 килограммга чейинки салмактык категориядагы грек-рим күрөшү боюнча 3-орун 500 000 сом;
Азат Мирахимов - эркин күрөш боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 312 500 сом;
Эламан Догдурбек уулу - эркин күрөш боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Бекзат Алмаз уулу; 3-орун – Эрназар Акматалиев) 250 000;
Нурбек Изабеков - кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (2-орун – Айпери Медет кызы; 3-орун – Нурзат Нуртаева) 312 500 сом;
Нурдин Донбаев – кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (2-орун – Айпери Медет кызы; 3-орун – Нурзат Нуртаева) 250 000 сом;
Уран Жузуп уулу - грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 125 000 сом;
Азат Бейшебеков - грек-рим күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу (3-орун – Асан Жанышов) 100 000 сом.

