Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 2025-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин биргелешкен жыйынында жеңил өнөр жай тармагындагы товарларды экспорттоого байланышкан көйгөйлөр жакын арада оң жагына чечилерин билдирди.
Депутат Жумабек Салымбековдун жеңил өнөр жайдагы көйгөйлөрдү шашылыш чечүү зарылдыгы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, Салык кызматынын төрагасы бул тармакта чындыгында белгилүү бир кыйынчылыктар бар экенин белгиледи.
Анын айтымында, көйгөйлөрдүн негизги себептеринин бири — Россия Федерациясы тарабынан чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү болуп саналат. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө турат.
Ал белгиленген көйгөйлөр жакынкы убакта чечилет деген ишенимин билдирип, учурда аларды жөнгө салуунун эң ылайыктуу жолдору иштелип жатканын кошумчалады.