24-декабрга карата өлкөнүн ашууларында жолдор ачык
Новость

Бүгүн, 24-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Нарын-Акталчат-Казарман унаа жолунун 40-99-чакырымдар аралыгында тараптуу каттам бар. Белгилей кетсек, 12-декабрдан тарта аталган жол тилкесинде кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан жеңил жана оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилген. Учурда № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан кардан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери улантылып жатат.