Курулуш министрлиги курултайдын делегаттарын кабыл алууда
Новость

Бүгүн, 24-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында төртүнчү элдик курултайдын делегаттарын кабыл алуу иш-чарасы өтүп жатат.

Делегаттарды кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев башында турган министрликтин жумушчу тобу катышууда.

Белгилей кетсек, элдик курултай Президент - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен төртүнчү ирет өтүп жатат.