Ысык-Көлдө 13 социалдык объект жана 2 өндүрүштүк ишкана ачылат
Новость


Бүгүн, 25-декабрда, Ысык-Көл облусу боюнча жалпысынан 15 объект ачылып, пайдаланууга берилет. Анын ичинен 6 социалдык жана 2 өндүрүштүк объекттин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышат.

Өндүрүш объектилери:
1. Ак-Суу районунда «Демир Групп» ЖЧКсы тарабынан шагыл жана гравий өндүрүүчү майдалоо-сорттоо заводу курулуп, пайдаланууга берилүүдө.
2. Жети-Өгүз районунда «Бетон-Про» ЖЧКсына таандык кум карьерин өздөштүрүү боюнча өндүрүштүк комплекс ишке киргизилүүдө.

Социалдык объектилер:
1. Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу №31 Ынтымак айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилет.
2. Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 140 орундуу «Медер» бала бакчасы Өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен курулуп, ишке берилүүдө.
3. Ысык-Көл районунун Өрүктү айыл аймагына караштуу Өрүктү айылында Ишенбек Бейшембаев атындагы мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилүүдө.
4. Түп районунун Түп айылында 275 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап, ишке берилүүдө.
5. Тоң районунун Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу Жер-Үй айылында А. Көлбаев атындагы мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Бул объектилер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, калк үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга багытталган.