Бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайдын ачылыш күнүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкө боюнча жалпысынан 94 объект пайдаланууга берилди.
Анын алкагында Баткен облусунда 11 объект ишке киргизилди. Алардын ичинде 3 өндүрүш ишканасы, 7 социалдык объект жана 1 жол объектиси бар.
Алар төмөнкүлөр:
Жол тармагы
- Баткен районундагы Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу
Өндүрүш ишканалары
- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Булак-Башы айылында жайгашкан «Мега Газаблок» ишканасы
- Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы «Сүлүктү» 11-талаа көмүр кени
- Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Коргон айылындагы логистикалык борбор
Социалдык объектилер
- Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылындагы З.М. Бабур атындагы 225 орундуу мектеп
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбике айылындагы №27 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
- Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын Баул айылындагы №19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
- Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты
- Лейлек районунун Кулунду айылындагы Т. Жолдошев атындагы орто мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү
- Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылындагы гимназия мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү
- Сүлүктү шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү





