Түп айылында жалпы суммасы 210 миллион сомду түзгөн жаңы 275 орундуу заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бакчада балдардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар каралган.
Анда 12 тайпага ылайыкташтырылып, ар бир тайпа үчүн өзүнчө жуунучу, уктоочу, оюн жана тамактануучу залдар уюштурулган.
Мекемеде 50дөн ашык кызматкер эмгектенип, алардын 20сы кесипкөй тарбиячы-мугалимдер болуп саналат. Жаңы жумуш орундарын түзүү айыл тургундары үчүн олуттуу социалдык колдоо болду.